Жарыяланган
2024-12-12, 16:07Кыялды ишке ашыруу үчүн эмне кылуу керек? Сыр жасап, саткан Жанар Алымкулова-Акгүч бул үчүн ынтызарлык, өжөрлүк, жаңы нерселерди үйрөнүүгө каалоо керек деп ишенет. Анын сыр жасоо жолу студент кездеги уй жана сыр жөнүндөгү кыялынан башталып, экинчи жогорку билим алуу жана акырында ашканада жасалган биринчи моцарелла менен башталган.
Бүгүнкү күндө ал өз продукциясын борбордогу ресторандарга жана тамак-аш дүкөндөрүнө жеткирип, Кыргызстандын сүт тармагын өнүктүрүүнү пландаштырууда. Жанар Алымкулова-Акгүч “Акчабарга” айылдагы ишкердиктин кыйынчылыктары, сыр жасоонун татаалдыктары жана алдыга койгон пландары тууралуу айтып берди.
— Менин апам музыка мугалими, атам болсо учкуч-механик. Биздин үй-бүлөдө айыл чарбасы же сыр өндүрүү менен байланышкан эч кандай түшүнүк болгон эмес. Мен биринчи жолу мындай иш менен алектендим. Балалыктан бери чоң чарба жүргүзүү тууралуу кыялданчумун жана жылдар бою бул кыялым бекемделди.
Мектеп жылдарында биология боюнча олимпиадаларга катышып, республика боюнча үчүнчү орунду алгам. Ошол жетишкендиктердин аркасында “Ала-Тоо” университетинин эл аралык мамилелер факультетине тапшырдым. Окуу учурунда Түркияда стажировкадан өттүм, Жогорку Кеңеште практика өттүм жана мамлекеттик кызматкер болушту көздөгөм.
Бирок экономика мугалими агрардык сектор өлкөнүн гүлдөп-өсүшүнүн негизи экендигин айтканда, менде бул тармакка чоң кызыгуу жаралды. Дипломдук ишимди “Айылдык жерлерде жеке секторду өнүктүрүү” деген темада жаздым. Окууну аяктагандан кийин Эркин экономикалык аймакта иштей баштадым, турмушка чыгып, балалуу болдум.
Ушул мезгилде чоң өзгөрүү болду. Мен баламдын дүйнөсү башкача болушун каалап, жолдошума уй сатып алабыз деп айттым. Ал башында каршы болду, бирок акыры макул болду, балким, бул кызыгуум өтүп кетет деп ойлоду окшойт.
— 2012-жылы алатау жана симменталь породасындагы үч уй сатып алдык жана ошондон бери өзүмдүн породамды чыгарууга кызыгуум күчөдү. Тогуз айдан кийин бир уй күнүнө 30 литр сүт берип баштады. Бул менин жолумдун башталышы болду, бирок кубанычым кыска болду — эки уйду уурдап кетишти. Дагы бир уй сатып алып, малды асылдандырууга кириштик. Азыр бизде төртүнчү муун бар, мен аны “кыргыз швицы" деп атайм. Менин бүткүл чарбам ошол биринчи уйлардын аркасында өстү.
— Алгачкы сырларымды 2020-жылы жасай баштадым. Бул убакта мен фермерлик каржылык салымга арзыбастыгын түшүнүп, кирешемди көбөйтүүнүн жолдорун издей баштагам. Сыр жасоо боюнча онлайн курска жазылдым. Үч жылдык машыгуудан кийин мен биринчи моцарелла жасадым.
Моцарелланы биринчи жолу италиялык турист дегустация кылып, ага жакты. Ал досторуна менин продукциям жөнүндө айтып берди, биринчи буйрутмалар ушинтип башталган.
— 2020-жылы бир уйум ууланып калды. Мен аны сактап калууга аракет кылдым, бирок куткара албадым. Аны сойгон касапчы жакшы акча төлөп, биринчи жабдыктарымды сатып алдым. Өлгөндөн кийин да бул уй менин ишиме жардам берди.
2021-жылы деңиз контейнерин цехке айландырдык. Сатуу өсө баштады. Негизги сатып алуучулар ресторан, кафелер болгон. Кийин Казакстанда сыр жасоо боюнча курстарга барып, продукциямдын сапатын жогорулаттым. Азыр жумасына 50 килограммдай сыр сатам.
— Бул ресторандар, кафелер. Биздин сыр боюнча оозеки айтылган жарнама чоң роль ойногон. Мисалы, башкы ашпозчулар Данияр менен Ислам менин сырларымды кесиптештерине активдүү сунушташкан. Азыр буйрутма менен жаңы сырды гана жасайм.
— Негизги маселе — кадрлардын кетип-келиши. Айылда иштөө көпчүлүк үчүн абройлуу эмес. Ошондой эле өндүрүш көп убакытты жана кол эмгегин талап кылат. Мисалы, сырды дагы эле кострюлга кайнатуу керек. Бул процессти бир топ жайлатат. Узак убакыт бою логистика маселеси курч болчу, мен түзмө-түз коомдук транспортто сырды алып жүргөн учурлар болгон. Азыр абал бир топ жакшы.
Мен күнүмдүк иштерден чыгып, бизнесимди сырттан карагым келди. Сергей Долженков менин устатым болуп калды, мен биздин кызматташтыгыбызга кубанычтамын. Ал мага ойлорумду түзүүгө жана иштин бир бөлүгүн башка адамдарга тапшырууга болорун түшүнүүгө жардам берди. Дүйнө жалгыз менин мойнумда турбасын түшүндүм. Мага жолугушууларыбыз кандай өткөнү, менин бизнесимдеги көйгөйлөрдү талкуулаганыбыз абдан жагат.
- Кыйынчылык болсо да кыялыңызды ишке ашыруудан коркпоңуз. Ар бир кадам сизди ийгиликке жакындатат деп айткым келет.
Мен “Көчмөн” сырын өндүрүүнү суткасына 2–3 килограммдан 20 килограммга чейин көбөйтүп, коңшу өлкөлөрдүн рыногуна чыккым келет. Бул үчүн жабдууларды жаңыртып, сыр заводун курууну пландап жатам. Мен бара-бара кызматташтыктын географиясын кеңейтип жатам, бирок мунун баары Кыргызстандын ичинде. Мен жакында бир нече жаңы соода түйүндөрүн ачтым. Бирок сатуунун көбөйүшү продукциянын сапатына таасирин тийгизбеши керек деп ойлойм.
ЕРӨБ “Бизнестеги аялдар” программасы Шери Блэрдин Аялдар Фонду менен өнөктөштүктө, Ишкер аялдарды каржылоо демилгеси #WeFi жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ЕРӨБ Чакан бизнеске таасир берүү фонду (Италия, Япония, Люксембург, Норвегия, Түштүк) аркылуу ишке ашырылат. (Түштүк Корея, Швеция, Швейцария, ТайванБизнес – ЕРӨБ-АКШ техникалык кызматташтык фонду).