akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Пандемияга байланыштуу көпчүлүк кыргыз компаниялары бир нече жылдан кийин гана калыбына келет - сурамжылоонун жыйынтыгы

    CIPE (Center for International Private Enterprise) колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Америка соода палатасы тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстандын экономикасы 2022-жылдан эрте кризиске чейинки деңгээлге келе алабайт. Пандемия жана ага байланыштуу карантин чаралары республиканын экономикалык өсүшүнүн кыймылдаткычы болгон бизнеске чоң сокку урду.

    Чындыгында эле, өлкөнүн ишкерлери оор күндөрдү башынан өткөрүп жатышат. Айрымдары кирешелеринин көбүн жоготушту, башкалары банкрот болуунун алдында, дагы бирөөлөрү ишин толугу менен жапты. Бул тууралуу Кыргызстандагы Америка соода палатасынын (AmCham KG) аткаруучу директору билдирди.

    Пандемия чыгымдарды кыскартууга аргасыз кылды

    Сурамжылоого палатага мүчө консультациялык жана курулуш компаниялары, коммерциялык банктар, туризм жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө жана экономиканын башка тармактарында иш алып барган 49 ишкана катышкан. Изилдөөнүн негизги максаты – пандемия шартында ишканаларга жагымдуу шарттарды түзүү жана капиталды түзүү муктаждыктарын аныктоо болду. 

    Анализ көрсөткөндөй, пандемия ишканалардын 54%ы үчүн товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптын төмөндөшүнө өбөлгө түзгөн, натыйжада алардын кирешелери төмөндөгөн. 45%на мыйзамдык чектөөлөр толугу менен же олуттуу таасир тийгизген. Сурамжылангандардын 37%ы чийки заттын жетишсиздигинен жана / же камсыздоо тутумунун үзгүлтүккө учурашынан олуттуу жапа чегишкен.

    Ишканалардын 86%ы административдик жана кызматкерлердин чыгымдарын төмөндөтүшкөн. Жарымынан көбү учурдагы жана стратегиялык инвестицияларын кийинкиге калтырышты. Сурамжылоого катышкандардын 41%ы бизнесин башка нукка багыттаган. 10%ы өз ишин толугу менен токтоткон.

    Коронавирустук инфекциянын пайда юолушуна байланыштуу, ишканалардын 6%ы өз кызматкерлерин 30%га чейин кыскартты. Кызматкерлердин 39%ы аралыктан (онлайн) иштешти, 13% кызматкерлерди акы төлөнбөгөн өргүүгө жөнөтүштү, ишканалардын 16%ы жумуш убактысын кыскартышты. Ишканалардын 26%ы жумушчуларын толугу менен сактап калууга жетишти.

    Эми эмне болот?

    Өткөн жылы ишканалардын 34%ы гана ишинин төмөндөшүн байкаган жок. Бирок көпчүлүгү кризиске чейинки мезгилге кайтуу үчүн бир нече айдан эки жылга чейин талап кылынарын айтышты. Жалпысынан ишканалар өз кызматтарын онлайн режиминде көрсөтүүгө даяр. 22%ы толугу менен санариптештирүүгө өтө алат, ишканалардын 10%ы жарым-жартылай гана кызматтарды онлайн форматта көрсөтүүгө даяр (аудит, консалтинг, аутсорсинг кызматтарынын бөлүгү), 8%ы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аралыктан келишимдерди түзө алышат. 

    Ошол эле учурда, ишканалар жакынкы жарым жылда башка көйгөйлөр болот деп күтүп жатышат. Ошентип, 49%ы өз товарларына жана кызматтарына суроо-талаптын төмөндөшүн белгилешти. Компаниялардын 41%ы жумушчуларды сактап калууда кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн.

    Кыргызстандагы ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү кризистен чыгуу үчүн министрлер кабинети салык милдеттенмелерин кийинкиге калтыруу, салык жүгүн азайтуу, салык өргүүлөрүн жана салык жеңилдиктерин киргизүү боюнча чараларды көрүшү керек деп жатышат.

    Алар карыздарды кайра каржылоо, эки жылга чейинки мөөнөткө пайызсыз финансылык колдоо жана карантиндик иш-чаралардан жапа чеккендерге түздөн-түз акчалай жардам көрсөтүү аркылуу компаниялардын экономикалык жүгүн жеңилдетүүгө болот дешүүдө. Ошондой эле административдик төлөмдөрдү төмөндөтүп, бизнес ачуу же өнүктүрүү үчүн субсидияларды берүү механизмдерин иштеп чыгуу керек дешет. Маанилүү маселе катары - мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдү токтотуу деп эсептешет. 

    Америка соода палатасы мамлекетке бир нече чараларды кабыл алууну сунуштайт:

    • салык милдеттенмелерин кийинкиге калтыруу, салык жүгүн азайтуу жана салык өргүүлөрүн жана салык жеңилдиктерин киргизүү үчүн салык салуу жана башкаруу боюнча кадамдар;
    • ишканаларга жана жеке ишкерлерге карыздарды кайра каржылоого көмөктөшүү, эки жылга чейинки мөөнөткө жеңилдетилген каржылоону берүү;
    • карантиндик чаралардын курмандыктарына тикелей каржылык жардамды жогорулатуу;
    • административдик төлөмдөрдүазайтуу жана мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдү токтото туруу;
    • экономиканы стимулдаштыруу жана ишканалардын иши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
    • жумуш орундарын, базардагы туруктуулук жана доллардын курсун сактоо боюнча чараларды көрүү;
    • бизнести жана экономиканы колдоого, чет элдик инвестицияларды жигердүү тартууга багытталган мыйзамдарды кабыл алуу;
    • COVID-19 жайылышына каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча так стратегияны иштеп чыгуу;
    • туруктуу саясий кырдаалды сактоо жана мыйзам талаадан чыкпоо;
    • чек араларды ачуу жана экспорттоочуларды колдоо жолу менен чек арадагы соодага түрткү берүү;
    • насыялар боюнча төлөмдөрдү жана алардын үстөк пайыздарын сактоо менен тоңдуруу.

    Изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, пандемия ишканаларга олуттуу зыян келтирген жана ишканалар өндүрүмдүүлүктүн мурунку деңгээлине кайтып келиши үчүн бир нече жыл талап кылынат. Мамлекеттик ар тараптуу колдоо тармакты ийгиликтүү калыбына келтирүүнүн маанилүү аспектиси болот.

    Кыргызстанда ишкердикти өнүктүрүү жеке тармак менен мамлекеттик органдардын натыйжалуу диалогунун жана тыгыз кызматташтыгынын шартында гана мүмкүн дешет адистер.

    Сурамжылоонун толук версиясы үч тилде бар: кыргыз, орус жана англис тилдеринде.


    Тектеш материалды окуу

    • Букмекердик кеңселер боюнча жаңы мыйзам бюджетти толтурууга, спортту өнүктүрүүгө көмөктөшөт
      Кабинет министров Кыргызстана постоянно ищет зарубежных инвесторов, но те к нам особо не рвутся. В мире сейчас кризис, и многие компании стараются сберечь свои активы. К тому же вкладываться в страну, где то и дело происходят революции, некоторые считают делом рискованным. Как же нашей стране заработать? Ответ очевиден: нужно создавать условия, в которых отечественные компании смогут интенсивно развиваться, плодотворно работать и приносить бюджету доход.
      2023-03-05 04:47:56
    • Пандемияга байланыштуу көпчүлүк кыргыз компаниялары бир нече жылдан кийин гана калыбына келет - сурамжылоонун жыйынтыгы
      CIPE (Center for International Private Enterprise) колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Америка соода палатасы тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстандын экономикасы 2022-жылдан эрте кризиске чейинки деңгээлге келе алабайт. Пандемия жана ага байланыштуу карантин чаралары республиканын экономикалык өсүшүнүн кыймылдаткычы болгон бизнеске чоң сокку урду.
      2021-12-07 01:57:10
    • Пайдалуу стартаптын жаралуу тарыхы: Кыргызстанда бизнес үчүн керектүү тиркеме иштелип чыкты
      Күн сайын ишкерлер көптөгөн отчетторду толтуруудан баштап, өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга чейин бир катар көйгөйлөргө туш болушат. Ошондой эле ишкер канчалык таланттуу болбосун, бардык нюанстарды билүү мүмкүн эмес. Эреже боюнча, жардамчылардын бүтүндөй "армиясы" көмөккө келишет, аларды тейлөө арзан эмес.
      2021-25-04 23:58:29
    • Бизнести оффлайндан онлайнга өткөрүү жолдору. Ийгиликтүү ишкерлерден кеңеш
      Кыргызстандагы бизнес онлайн форматка беш жыл мурун активдүү туташа баштаган. Ар бир өлкөнүн онлайнга туташуу динамикасы ар башкача берилген. Бул инфраструктура, накталайсыз төлөм жана башка менен байланыштуу. Эгерде пандемия болбосо, баары өз нугу менен улана бермек. Карантин мезгили оффлайн иштеген компаниялар үчүн, интернетке туташуу керектиги тууралуу олуттуу ойлонууга түрткү берди.
      2021-02-03 22:00:05