akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-09-01, 18:14

    Санарип сомду жүгүртүүгө чыгаруу: электрондук капчыктар аркылуу социалдык төлөмдөрдү тестирлөө

    Санарип улуттук валютаны иштеп чыгуу – бул борбордук/улуттук банктардын көпчүлүгү активдүү тестирлөө иштерин жүргүзүп жаткан глобалдуу тенденция болуп саналат. Дүйнө жүзү боюнча төлөм кызматтарын санариптештирүү иштери жүргүзүлүп жатат, ал эми базалык программалык сценарийлер социалдык жөлөкпулдарга жана милдеттүү мамлекеттик төлөмдөргө байланыштуу максаттуу транзакциялар аркылуу тесттен өткөрүлүүдө. Азыркы учурда болжол менен 11 өлкө товарларды муниципалдык соода түйүндөрүндө сатып алуу үчүн жөлөкпулдарды санарип валюта түрүндө кошумча төлөө, мамлекеттик облигациялык акча чыгаруу, мектепте тамактандырууну каржылоо, геймификация инструменттери аркылуу финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана санарип валюталар боюнча окутуу сыяктуу социалдык демилгелерди тесттен өткөрүп жатышат.

    - Санарип сомду ишке киргизүүнүн алкагында Улуттук банк кандай иштерди жүргүзүп жатат?

    - 2024-жылдын сентябрында Кыргызстандын мыйзамдарына санарип сомдун укуктук статусу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин коомдук талкуулоо аяктаган. Долбоордук топ изилдөө жана даярдык көрүү иштерин жүргүзүп, ошондой эле сынак өткөрүүнүн негизинде эң эле жогору балл алган беш сунуштоочуну тандап алып,  борбордук банктардын санарип валюталарын сунуштоочуларынын бири тарабынан иштелип чыккан блокчейн платформасында санарип сомдун алгачкы версиясын тесттен өткөргөн. 

    2025-жылдын башталышынан тартып санарип сомдун прототибин тесттен өткөрүү  чөйрөсүндө апробациялоо пландаштырылууда, бул процесс үч фазага бөлүнгөн.
    Биринчи фазада санарип сомду эмиссиялоо жана бөлүштүрүү процесстери түзүлөт, финансылык транзакциялардын жеке адамдар жана юридикалык жактар ортосунда которуулар сыяктуу базалык сценарийлер тесттен өткөрүлөт.

    Экинчи фазада мамлекеттик жана социалдык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгын кошуу иштери камтылат. Дал ушул экинчи фазада мамлекеттик төлөмдөрдү жүргүзүү моделин иштеп чыгуу пландаштырылууда жана бул иштин алкагында тесттен өткөрүү үчүн “Балага сүйүнчү” социалдык төлөм тандалган.

    Долбоордун үчүнчү фазасында офлайн төлөмдөрдү, QR-төлөмдөрдү тесттен өткөрүү, смарт-контракттар жана санарип сом платформасынын функцияларын кеңейтүүнүн башка маселелери боюнча чечимдерди иликтөө иштери камтылат.

    - Санарип сом деген эмне жана ал башка акча формаларынан эмнеси менен айырмаланат жана платформанын түзүмү кандай?

    Санарип сом — бул улуттук валютанын санарип формасы, ал Улуттук банк тарабынан накталай акча менен катар чыгарылат. Ал азыркы учурда колдонулуп жаткан акчага толугу менен тең келет, кайсыл болбосун башка формага тоскоолдуктарсыз алмаштырылат, ошондой эле накталай жана накталай эмес акча формаларынан эч нерсеси менен айырмаланбайт. Жалгыз айырмачылыгы — бул  бөлүштүрүлгөн реестр платформасындагы санарип форматтагы технологиялык чечим. 

    Санарип сомдун платформасынын прототибинин түзүмү эки деңгээлдүү чекене моделге негизденип, санарип сом Улуттук банктын милдеттенмеси катары каралат, бирок санарип сомду экинчи деңгээлдеги банктар – коммерциялык банктар аркылуу пайдалануу үчүн учурдагы ресурстар жана технологиялар пайдаланылат. Санарип сом платформасында төлөмдөр өз ара эсептешүүнү заматта ишке ашыруу аркылуу айкын убакыт ыргагында жүргүзүлөт. Технологиянын негизин бардык транзакциялардын өзгөрүлгүс реестри түзөт, ал уруксатсыз өзгөртүүлөрдөн коргойт жана смарт-контракттардын жардамы менен айрым процесстерди автоматташтыруу үчүн шарттарды түзөт, бул операциялык чыгашаларды азайтат.

    Санарип сом платформасынын прототибин апробациялоонун алкагында системалар аралык шайкештикти (интероперабелдүүлүк) жана акча каражаттарын бир формадан башка формага тоскоолдуксуз которуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында негизги финансылык системаларга туташтыруу иштери жүргүзүлөт.

    - Эмне үчүн “Балага сүйүнчү” жөлөкпулу тесттен өткөрүү үчүн тандалды?

    - Баланын төрөлүшү – ар бир үй-бүлөнүн жашоосундагы маанилүү жана унутулгус окуя. Кыргызстанда мамлекет жаңы төрөлгөн ымыркайлары бар үй-бүлөлөргө социалдык төлөмдөр аркылуу колдоо көрсөтөт. Бирок айрым учурларда ата-энелер бир жолку мамлекеттик жөлөкпулду алууга кайрылбайт, бул мүмкүн убакыттын тартыштыгына, аны алуу жол-жоболору тууралуу маалыматтын жоктугуна же жаңы төрөлгөн балага кам көрүү менен байланышкан башка себептерге байланыштуу болушу ыктымал.

    Ошентип, “Балага сүйүнчү” социалдык жөлөк пулду тесттен өткөрүү, ата-энелер үчүн санарип капчыкты колдонуу менен санарип чечимдер аркылуу ыңгайлуулукту түзүү жана жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү максатында, өз ара иш алып барган мамлекеттик органдар менен биргеликте тандалган. 
    Мамлекет 2018-жылдан бери жаңы төрөлгөн наристелердин ата-энелерине бир жолку жөлөкпул төлөп келет. "Бирдиктүү терезе" принцибинин негизинде төлөм белгилөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле кайрылуу жана акча каражаттарын алуу ортосунда мөөнөттү кыскартуу үчүн ал убакыттан бери төлөм механизми бир нече жолу өзгөртүлгөн. Азыркы учурда жөлөк пулду алуу жол-жобосу эки күндүн ичинде ишке ашырылат. Бул процесстин кыйла жөнөкөйлөтүлгөндүгүн билдирет.

    Бул мамлекеттик жөлөкпул позитивдүү мүнөзгө ээ болуп, улуттук салтты улантууга, жаңы төрөлгөн наристелердин ата-энелерин колдоого багытталган жана өлкө калкынын санынын өсүшүнө шарт түзөт. Бирок, бул жөлөкпулду мурдагыдай эле арыз берүү аркылуу алуу каралгандыктан, алуу процесси узагыраак убакытка созулат.

    “Балага сүйүнчү” кейсин тесттен өткөрүү, учур талабын эске алуу менен социалдык жардам көрсөтүү ыкмасын өзгөртүүгө багытталган. Айрыкча, учурдагы санарип чечимдердин техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жана мобилдик банкинг, электрондук капчыктарды пайдалануучулардын жана банк кызматтарынан пайдалана албаган жарандардын муктаждыктарына өзгөчө көңүл бурулат.

    Санарип сом платформасы жарандар мамлекеттик колдоодон пайдалануусунун эң эле натыйжалуу, ачык-айкындуу жана жеткиликтүү төлөм инфраструктурасы катары кызмат кылат.

    - Санарип сомдун ыңгайлуулугу жана артыкчылыктары кандай?

    - Санарип валюта өлкөнүн экономикасы үчүн чоң потенциалга ээ. Биринчиден, ал транзакцияларды жана бизнес-процесстерди тездетүү менен чыгымдарды азайтып, төлөмдөрдүн натыйжалуулугун жогорулатат. Экинчиден, санарип сом платформасы келишимдердин шарттарын аткарууну автоматташтырууга түрткү болуп, адам факторун кыскартып, транзакция чыгымдарын азайтат.

    Тесттен өткөрүүнүн алкагында мамлекеттик төлөмдөр жана бизнес үчүн смарт- контракттарды пайдалануу келечеги изилденет. Санарип сомдун төлөм системасы блокчейн сыяктуу заманбап технологиялык чечимдерди колдонуу менен операциялардын жогору коопсуздугун камсыз кылат.
    Атомардык төлөмдөрдү (толугу менен аткарылуучу же такыр аткарылбай турган транзакциялар) колдонуу транзакциялардын жарым-жартылай же толук аткарылбай калышы учурларын жокко чыгарууга мүмкүндүк берет.

    Атомардык операция төлөм толугу менен аткарыла тургандыгына же такыр аткарылбай тургандыгына кепилдик берүү менен каражаттардын иш процессинде токтоп калышы же жоголуп кетиши ыктымалдыгын жокко чыгарат.

    - Санарип сомду качан ишке киргизүү пландаштырылууда?

    Санарип сомду ишке киргизүү - бул технологиялык жактан сыяктуу эле, мыйзамдуулук маселесин да жеткире иштеп чыгууну талап кылган өлкөнүн ири долбоору болуп саналат.
    Системанын ишенимдүүлүгүнө жана иш жөндөмдүүлүгүнө ынануу үчүн санарип сомдун прототибин тесттен өткөрүү 2025-жылдын башталышына пландаштырылган.

    Санарип сом платформасын текшерүү жана технологиялык иш жөндөмдүүлүгүн ишке ашыруу этаптары аяктап, анын жыйынтыгына баа берилгенден кийин 2026-жылдын аягында санарип сомду өнөр жайлык эксплуатацияга киргизүү үчүн так дата белгилөө жөнүндө чечим кабыл алуу зарыл.
    Жыйынтыгында, бул “Балага сүйүнчү” социалдык кейсин жүзөгө ашыруу иштери жаңы гана башталды жана 2025-жылы инновациялык чечимдерди ишке киргизүү жана чыныгы алгылыктуу өзгөрүүлөрдү жаратуу үчүн бардык тесттерден өтүү зарыл. 

    Мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташтыкта биргелешип иштөө аркылуу алдыга коюлган максаттарга жетип, жаңы төрөлгөн наристелердин ата-энелерине жана жалпы эле жарандарга олуттуу пайда алып келип, ыңгайлуулуктарды түзүүгө жетишебиз деп ишенебиз. 


    Тектеш материалды окуу