Жарыяланган
2025-12-04, 12:22Бишкекте 11-апрелде президент Садыр Жапаровдун катышуусунда "Менин үйүм" программасынан алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания курган батирлерди үй ээлерине тапшыруу иш-чарасы өттү. Жалпы 612 жаран жаңы конуштуу болду. Батирлерди алгандардын арасында катардагы жарандар, Жогорку Кеңештин депутаты, прокуратура кызматкерлери бар.
Батир ээлерин үйлүү болушу менен куттуктаган Садыр Жапаров элди турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттин эң башкы артыкчылыктуу милдети экенин билдирди. Өлкөнүн булуң-бурчунда үй куруу иштери кызуу жүрүп жатканын айтты.
Ал былтыр Маликов (Мурас кичи району) жана Скрябин көчөлөрүндө алгачкы үйлөр бүткөрүлүп, жарандарга 1059 батир тапшырылганын эске салды.
"Он миңдеген жарандарыбыз илгери үмүт менен кезекте туруп, үйлүү-жайлуу болсом деп зарыгып күтүп келишет. Алардын үмут-тилектерин аткарганга мамлекетебиздин күчү жетет", - деди Жапаров.
Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү бул турак жай комплексинде үйлөрдүн жарымы алдын ала төлөмсүз алгандарга, жарымы үлүштүк негизде 50%ын төккөндөргө берилген. Батирдин бир чарчы метри 850 доллардан болгон.
Ал жакынкы күндөрү Бишкекте Мурас кичи районунда 600 батир жана Жалал-Абадда 1500 батирдин ачкычтары жарандарга тапшырыла турганын айтты.
Жапаровдун айтымында, ипотекалык үйлөрдү "Кыргызкурулушсервис" мамлекеттик компаниясы жана дагы бир-эки жеке компания салып жатат. Алар Бишкек менен Чүйдө кирип жашаганга даяр батирдин бир чарчы метрин 650 доллардан, алыскы аймактарда 700 доллардан салууда.
"Мамлекеттик ипотекалык компания үстүнө 200 доллардан кошуп, аны 850 доллардан сатууда. Ортодогу 200 доллар пайда Мамлекеттик ипотекалык компанияга түшөт", - деди ал.
Үйлөрдү курган компаниялар курулуш материалдары кымбаттаганын айтышып, бир чарчы метрди куруунун баасын 700-750 долларга көтөрүп берүүнү суранган.
"Бул маселени өкмөт изилдеп жатабыз, жакынкы арада чечим кабыл алабыз", - деди Жапаров.
Аталган турак жай комплексинен батир алгандардын катарында Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова да бар. Айдарованын айтымында, ал 4 жыл мурда милицияда иштеген кезде батир алууга кезекке турган. Ошол кезек эми жетип отурат. Ал үйдү 4%дык программа менен алган.
"Мамлекеттик ипотекалык компанияга кезекке турганыма төрт жылга чукулдап калды. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып биздин мамлекет башчыбыз Садыр Нуркожоевичке рахмат айтам. Анткени биздин көптөгөн мамлекеттик жумушта иштеген жана карапайым элге (үйлүү болууга - ред.) мүмкүнчүлүк түзүп берди. Мурда милицияда иштеп турганда үй алам деп ойлогон эмесмин. Эки балам балам бар болгондуктан, эки бөлмөлүү батир беришти", - дейт ал.
Банк кызматкери Мирлан Кумарбаев үлүштүк негизде батир алууга 2024-жылы апрелде кезекке туруп, жыл айланбай үйлүү болду. Ал аянты 33 чарчы метр болгон бир бөлмөлүү батирди 2 млн 900 миң сомго алган. Башында эле ал сумманын 75%ын төлөп койгон. Дагы 25%ы калган.
"Менин үч кыз, бир уулум бар. Азыр 40 жашка келип калдым. Үйлөнгөндөн бери ушул күнгө чейин батирлеп жашап келгем. Буйруса эми өзүбүздүн үйүбүз болот деп кубанып турабыз", - дейт ал.
Ошондой эле 612 батирдин 100үн прокуратура кызматкерлери алды. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Балтабаев үй салынган жер буга чейин прокуратураныкы болгонун, ошондуктан батирлердин бир бөлүгү аталган органдын кызматкерлерине берилгенин билдирди.
МИКтин төрагасынын орун басары Тилек Жээнбаевдин айтымында, жобо боюнча турак жай курууга кайсы бир мекеме жер өткөрүп берсе же аны сот аркылуу мамлекеттин карамагына кайтарган болсо, үй салынгандан кийин ошол органдын үйгө муктаж болгон кызматкерлерине батирлердин бир бөлүгү тапшырылат. 100 батир да прокуратуранын кызматкерлерине ошол негизде бөлүнгөн.
Эми жаңы үйлүү болгон жарандар батирлерине четинен көчүп кире баштайт. Муну МИКтин төрагасы Балтабаев айтты. Балтабаев билдиргендей, алар 12-апрелден баштап күнүнө 10-15 кишиге үйдүн ачкычтарын тапшыра баштайт. Ал ачкычтардын мынтип создуктурулуп берилишин ар бир үй ээси менен тиешелүү кагаздарга кол коюу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жарым сааттан убакыт кетип, күнүнө 10-15 кишиге эле берүүгө жетише турганы менен түшүндүрдү.
Аталган компаниянын төрага орун басары Тилек Жээнбаев күнүнө 50дөн 60ка чейинки адамга үйүнүн ачкычтары тапшырыла турганын, төрага "күнүнө 10-15 кишиге берилет" деп адашып айтып алганы болушу мүмкүн экенин айтты.