Жарыяланган
2025-16-04, 16:45Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жолугушуу-нетворкингде бизнести өнүктүрүүдө насаатчылыктын ролун талкуулап, мыкты тажрыйбалар менен бөлүшүштү.
Бишкек шаарында ири бизнес-асоциациялардын өкүлдөрү, ийгиликтүү ишкер айымдар, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын «Бизнестеги айымдар» жана «МикроМентор» насаатчылык программаларынын катышуучуларынын «Насаатчылык: бизнестин өсүшүнүн ачкычы» аталышындагы нетворкинг- жолугушуусу болуп өттү. Иш-чара бизнести туруктуу өнүктүрүүдө насаатчылыктын өзгөчө ролун түшүнүү, бизнес байланыштарын кеңейтүү, каржылоо жана өсүү мүмкүнчүлүктөрүнө жетүү үчүн маанилүү кадам болуп калды.
Программанын негизги бөлүгү каржылоо жана ноу-хау аркылуу бизнести колдоо үчүн ЕРӨБ инструменттеринин презентациясы, консультациялар жана бизнес диагностикасынын өнүгүү стратегиясы, санариптештирүү жана маркетинг боюнча TEDx форматында тажрыйбалуу ишкерлердин презентацияларынан турду.
ЕРӨБнын коммуникациялар департаментинин башкаруучу директору Ричард Портер саламдашуу сөзү менен чыгып сүйлөдү. Ал ЕРӨБнын «Бизнестеги айымдар» насаатчылык программасы Кыргызстанда 2020-жылдан бери иштеп келе жаткандыгына токтолду. Анын айтымында, бул убакыт аралыгында ишкердикти жана ишкерлердин активдүүлүгүн өнүктүрүүгө жардам көрсөтүлүүдө. We-Fi ишкер аялдар үчүн каржылык демилге жана Швейцария өкмөтүнүн аркасы менен ишкер аялдарды каржылоо, ноу-хауга жана кеңеш берүүлөргө мүмкүнчүлүк берилип жатат.
«Кыргызстандагы «Бизнестеги айымдар» насаатчылык программасына суроо-талаптар көп. Акыркы төрт жылдын ичинде биз катышууга 1000ден ашык арыздарды кабыл алдык жана 100дөн ашык устат-насаатчы жуптарды бүтүрдүк. Программанын катышуучулары таасирдүү натыйжаларга жетишти: 52% жаңы рынокко чыкты, 72% өз продукциясынын ассортиментин кеңейтти, 79% сатууларын көбөйттү», - деп сандар менен Ричард Портер бөлүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө мындан сырткары тажрыйбалуу насаатчылардан колдоо жана кеңеш алууга мүмкүн болгон эл аралык акысыз «MикроМентор» онлайн платформасынын бет ачары болуп өттү. Бүгүнкү күндө программага 179 өлкө жана ар кандай бизнес өкүлчүлүктөрдөн турган 400 миңден ашык ишкерлер катышууда.
«MикроМентор» Борбор Азиядан гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалуу насаатчыларды кеңеш берүүгө тартуу аркылуу бизнести өнүктүрүүгө мүмкүндүк берип жатат. Санарип платформа ылайыктуу шакиртти тандоого жана аны менен каалаган убакта мамиле түзүп, ыңгайлуу тилде чексиз баарлашууга, онлайн вебинарларга катышууга, жазышып, бизнес маселелерин талкуулоо үчүн жолугууга мүмкүндүк берет», - деп түшүндүрдү «MикроМентор» долбоорунун кеңешчиси Махабат Жакеева.
Иш-чаранын бейформал бөлүгүндө жеңил өнөр жай тармагында иштеген «Бизнестеги айымдар» насаатчылык программасынын катышуучуларынын мода көргөзмөсү, ошондой эле билим берүү кызматтарынын, санарип платформаларынын жана продукцияларынын көргөзмөлөрү уюштурулду.