akchabar logo with typographysearch

    Жаңы жыл алдында каерде жарманке өтүүдө?

    Бишкекте жаңы жыл алдындагы азык-түлүк жарманкеси ачылып, товарлардын баасы базар баасынан арзан сатылууда. “Акчабардын” кабарчылары жарманкеде болуп, майрам алдында эмнелер сатылып жатканын  көрүп кайтышты. 

    Борбор калаа муниципалитети иш-чаранын максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, айыл чарба ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо, ошондой эле борбор калаанын тургундарына айыл чарба өнүмдөрүн дүң баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү экенин белгилейт. 

    Мисалы, Абдылла Матин индиялык жана кытайлык чайларды, ит мурун жана мөмө-жемиштерди кошуп сатат. Ал белгилегендей, чөптөн жасалган чайлар суук тийүүдөн жана вирустардан сактанууга жардам берет, суук аба ырайында жылытат.

    Балчы Алексей Дунаев жарманкеде экологиялык жактан таза бал сатууда. Ал ак бал эң назик экенин, аллергия кылбаарын белгиледи. Айтмакчы, бул 5 жашка чейинки балдар үчүн сунушталат.

    Жаңы жылдык жарманке күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин Түгөлбай ата көчөсүндө, темир жол бекетине жакын жерде өтөт. 


    Тектеш материалды окуу