Жакында эле өзбек маалымат каражаттары Өзбекстан Борбор Азияда тиричилик таштандыларын электр энергиясына айландырган биринчи өлкө болорун жазып чыкты. Коңшу өлкө таштанды чыгаруучу заводдорду 2027-жылга чейин ишке киргизүүнү пландоодо.
Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык стационардык мекемесинде баш калкалагандарды дарыгерлер акысыз медициналык кароодон өткөрүштү. Алар диагностикада жасалма интеллекттин жардамы менен жүрөк жетишсиздигинин алгачкы белгилерин аныкташкан.
Узак мөөнөттүү келечекте жашыл технологияларды колдонуу Кыргызстанга азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого, экспорттук потенциалды жакшыртууга жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча глобалдык аракеттерге салым кошот.
Бишкекте жаңы жыл алдындагы азык-түлүк жарманкеси ачылып, товарлардын баасы базар баасынан арзан сатылууда. “Акчабардын” кабарчылары жарманкеде болуп, майрам алдында эмнелерди сатып алууга болорун көрүп кайтышты.
Борбор калаада майыптыгы бар кыздарга башпаанек болчу жалгыз баш калкалоочу жай бар. Учурда бул жерде тогуз кыз жашайт, бирок жардамга муктаж дагы ондогон кыз кезекте турат. “Акчабардын” кабарчылары аталган баш калкалоочу жайга барды.
Азербайжандын борбору Бакуда COP29 конференциясы аяктады. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан миңдеген делегаттар келип, эки жума климаттын өзгөрүшүн жана көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын азайтуу пландарын, ошондой эле туруктуу жашыл экономика моделдерине өтүүнү талкуулашты.
Бишкекте Батыш автобекети жабылып, анын ордуна Алма-Ата көчөсү менен Айланма жолдун кесилишине жакын жерде жана Ак-Кула ат майданынын жанында убактылуу автобекет иштөөдө. “Акчабардын” кабарчылары Ысык-Көлгө, Ошко же башка аймактарга кантип барса болорун көрүп кайтты.
Бишкекте өткөн “Жашыл экономика: Борбордук Азияны өнүктүрүүнүн жашыл жолу – 2024” форумунда жашыл энергетиканы, туруктуу туризмди, жашыл курулушту жана таштандыларды кайра иштетүүнү өнүктүрүү маселелери талкууланды.