Жарыяланган
2025-09-04, 15:53УКМК Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин Ош шаарына сырттан кирген унаалардан акы алуу тууралуу демилгесин колдобой турганын билдирди.
Атайын кызмат Токторбаевдин демилгеси ишке ашса, бардык чыгымдар карапайым жарандардын мойнуна түшөт, айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн оор болот деп эсептейт. Ошондой эле шаарга товар ташуунун баасы кымбаттап, ишкерлер кеткен чыгымдарын кардарларга жүктөйт. УКМК аз камсыз болгон үй-бүлөлөр шаарга баруудан баш тартарын же акчасынын бир топ бөлүгүн жол киреге корото турганын айтып, ага жол берилбей турганын билдирет.
Ошондой эле атайын кызмат бардык кызмат адамдарын (мэр, аким, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн ж.б.) бул өңдүү жөнсүз демилгелерди айтып чыкпоого чакырат.
Андан тышкары жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларын жеке пиар менен алектенбей, шаардын жана аймактардын тургундарынын көйгөйлөрүн чечүүгө чакырат.
Эскерте кетсек, 8-апрелде Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаага башка жактан кирген унаалардан акы алуу демилгесин көтөрүп, жеңил унаалардан 50дөн 100 сомго чейин, жүк ташыган унаалардан 100дөн 150 сомго чейин алса болорун айткан.