akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-09-04, 09:55

    Оштун мэри шаарга кирген унаалардан акы алууну сунуштады

    Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаага башка жактан кирген унаалардан акы алууну сунуштады. 

    Токторбаев шаардагы жолдорду оңдоого, техника алууга республикалык бюджеттен акча алынып жатканын, бирок каражат дайыма эле бөлүнүп бербей турганын, шаар өзү акча табуунун жолун издеш керектигин айтты.

    Мындан улам мэр шаарга башка жактан кирген унаалардан акы алууну сунуштады. Анын айтымында, шаарга күнүнө 56 миң унаа кирип чыгат. Акы ушул унаалардан алынат. 

    "Европада, Кытайда ушундай практика бар экен", - дейт ал. 

    Ал жеңил унаалардан 50дөн 100 сомго чейин, жүк ташыган унаалардан 100дөн 150 сомго чейин алуу сунушун айтты. 

    "Күнүнө шаарга 56 миң унаа кирет. 50 сомдон эсептесек, 2 млн 800 млн сом түшөт экен. Мейли, 2 млн сом түшөт деп эсептесек да, 10 күндө 20 млн, бир айда 60 млн сом чогулат", - дейт ал.

    Мэр түшкөн акча шаардын инфраструктурасын жакшыртууга жумшала турганын билдирди. 

    Мэриянын маалыматы боюнча, шаарга кирген унаалардан акы алынса, жергиликтүү бюджетке жылына 3 млрд сомго жакын каражат түшүп турат. 


    Тектеш материалды окуу