akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Чакан ишкерликти жашыл экономикага өткөрүү: стимулдар жана тоскоолдуктар

    Узак мөөнөттүү келечекте жашыл технологияларды колдонуу Кыргызстанга азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого, экспорттук потенциалды жакшыртууга жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча глобалдык аракеттерге салым кошот. Мындай маселелер мамлекеттик органдардын, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана фермерлердин өкүлдөрү тарабынан "Агроөнөр жай комплексинде, айыл чарбасында жана сууну пайдаланууда кичи жана орто бизнес үчүн жашыл стимулдар жана тоскоолдуктар" семинарында каралды.

    Ар кайсы аймактардан келген чакан бизнес өкүлдөрүн чогулткан иш-чарада катышуучулар чарбачылык, кайра жаралуучу энергия жана ресурстарды туруктуу башкаруу сыяктуу инновацияларды колдонуу өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга, продукциянын сапатын жакшыртууга жана айлана-чөйрөнү коргоого кандайча жардам берерин баса белгилешти.

    Кайра жаралуучу энергия, энергияны үнөмдөөчү курулуш, энергияны үнөмдөөчү жабдуулар сыяктуу тармактарда чакан жана орто бизнести өнүктүрүү бир катар көйгөйлөргө туш болууда. Аларга мыйзамдык боштуктар, каржылоонун кыйынчылыгы жана билимдин жетишсиздиги кирет.

    Белгилеп кетсек, семинар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан Президентке караштуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту жана “ЮНИСОН Групп” менен биргеликте “Чакан жана орто ишкерлик секторун жашыл экономикага өткөрүүдө мамлекеттик стимулдарды алга жылдыруу” долбоорунун алкагында уюштурулган”. Долбоор ЕРӨБ жана Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда.

    “ЮНИСОН Групп” коомдук фонду, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Улуттук стратегиялык демилгелер институту энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүүгө стимул боло турган мыйзамдарды жана документтерди изилдеп, аларды жоюуну талап кылган кемчиликтерди аныкташты. 

    Улуттук стратегиялык демилгелер  институтунун директору Санжар Муканбетов белгилегендей, климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү маселелери азыр актуалдуу гана эмес, ар бир мамлекет үчүн өтө маанилүү болуп баратат.

    "Биздин өлкө Париж келишими сыяктуу эл аралык демилгелерге активдүү катышып, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча максаттуу иштеп жатат. Кыргызстан алдыга дымактуу максаттарды койду: 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 18%, эл аралык колдоо менен 44% кыскартууну пландоодо. Мындан тышкары, Бакуда өткөн COP-29да президент Садыр Жапаров 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү планын билдирди” - деди ал.

    Санжар Муканбетов бул максаттарга жетүү ар бир адамдын: мамлекеттин, жарандардын жана өзгөчө ишкерлердин активдүү катышуусунда гана мүмкүн экенин баса белгиледи. Чакан жана орто бизнес ийкемдүүлүгү жана инновациялык потенциалы менен экономиканы жашыл трансформациялоодо негизги ролду ойнойт.

    “Биз иш-чараны анализдин жыйынтыгы менен бөлүшүү жана жашыл механизмдерди ишке ашырууда жеке сектор үчүн кандай стимулдар жана тоскоолдуктар бар экенин көрсөтүү максатында уюштурдук. Бардык мамлекеттик программалар жана мыйзам актылары каралып чыкты. Жеке сектордун активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзө ала турган бир нече декларациялык документтер кабыл алынган. Мисалы, жашыл технологиялар үчүн КНСтен бошотуу, энергетикалык натыйжалуулук стандарттарына жооп берген имараттардын 50% мүлк салыгынан бошотуу жана электромобилдерди бажыдан бошотуу. Жакында эле кабыл алынган кайра иштетүү акысы да бар. Бирок ошол эле учурда көптөгөн механизмдер же жеке секторго, ишкерлерге белгисиз, же болбосо толук кандуу иштебей жаткандыгы аныкталды”, - дейт “ЮНИСОН Групптун”  президенти Нурзат Абдырасулова.

    Ал эми, маселен, 1999-жылы кабыл алынган «Фермердик чарбалар жөнүндө» мыйзам азыркы талаптарга жооп бербей калды. Ошондуктан ФАОнун үй-бүлөлүк дыйканчылык боюнча көрсөтмөлөрүнө ылайык жаңы документти иштеп чыгуу зарыл.

    Мындан тышкары, эксперттер айыл чарба тармагындагы жергиликтүү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча бир катар талаптарды айтышты. Бул долбоорлорду ишке ашырууда өкмөттүн жана эл аралык уюмдардын колдоосу негизги ролду ойнойт, бирок ийгилик дыйкандардын өздөрүнүн катышуусунан да көз каранды.

    “Дыйкандар чыгашаны минималдаштырууну жана рентабелдүүлүктү жогорулатууну үйрөнө элек. Алар кантип киреше табууга болгон көз карашын өзгөртүп, ошол эле учурда технологияларды колдонуп, энергияны үнөмдөөчү ыкмаларды колдонсо, бизнес жүргүзүүнүн дагы бир тарабы ачылат”, - деп белгиледи "Agro Union "ассоциациясы Башкармалыгынын төрайымы Бактыгүл Аскералиева. 

    Ал кошумчалагандай, көптөгөн ченемдик укуктук актылар иштелип бүтө элек, жеңилдиктер бар, бирок алар жалпы болуп саналат жана алардан ар ким эле пайдалана албайт.
     

    "Эксперттердин ишинин аркасында эки күндүн ичинде жашыл экономикага өтүүдө компанияларды стимулдаштыруу жана аларга көмөк көрсөтүү чаралары боюнча сунуштар чогултулду. Чаралар талаптагыдай иштебей жаткандыгын жана алардын иштеши жана бизнеске пайдалуу болушу үчүн кошумча күч-аракет талап кылынарын түшүнөбүз. Бизнес-коомчулук да четте калбай, өз күч-аракетин бириктириши керек”, - дейт ЕРӨБнун Чакан бизнеске консультациялык кызматтардын жетектөөчү менеджери Бакай Жунушев.

    Бардык катышуучулар мыйзам деңгээлинде жашыл технологияларды илгерилетүү боюнча биргелешкен күч-аракеттер боюнча иштер улантыла тургандыгына макул болушту.


    Тектеш материалды окуу