Жарыяланган
2025-10-04, 10:03Түндүк – Түндүк жолунда салынган Көк-Арт тоннелинен өтүү үчүн алына турган акынын өлчөмүн бекитүү тууралуу токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан даярдалган.
Министрликтин маалыматы боюнча, деңиз деңгээлинен 2510-2530 метр бийиктикте турган бул тоннелдин узундугу 3 миң 745 метрди түзөт. Аны менен бирге түндүк тарабынан 65 метр жана түштүк тарабынан 80 метр болгон эки галерея салынган. Алардын баарын кошкондо тоннелдин жалпы узундугу 3 миң 890 метрге жетет.
Тоннель түндүк жагынан Тогуз-Торо району менен түштүк тарабынан Сузак районун бириктирип турат. Анын курулушу 2015-жылы августта башталып, негизги курулуш иштери 2024-жылы ноябрда бүткөрүлгөн. Быйыл май айына чейин электр зымдарын орнотуу, жасалгалоо, жабдууларды орнотуу сыяктуу иштерин бүткөрүү пландалууда.
Алгач тоннелди салууга 128,5 млн доллар кетет деп каралып, бирок кийин курулуш иштерине жалпы 136,3 млн доллар деп эсептелген.
Ошондой эле көзөмөл-өткөрмө бекетин курууга баш-аягы 140 млн сом жумшалган. Ал жерде 36 кызматкер иштеп, алардын эмгек акысына айына 1 млн 365 миң сом сарпталат деп каралууда. Жылына 16 млн 380 миң сом кетет. Ошондой эле Социалдык фондго чегерүүлөр, сый акы, райондук коэффициенттер болот.
Бул бекеттин электр энергиясына айына 51,2 миң сом, жылына 614,2 миң сом сарпталат деп эсептелген. Андан тышкары аны интернет менен камсыз кылуу үчүн айына 8 миң 780 сом, жылына 105,4 миң сом кетет деп каралууда.
Министрлик аталган жагдайларды, тоннелди кароо керектигин белгилеп, тоннелден өтүү үчүн акы алууну сунуштоодо.
Тоннелден өтүү акысын төмөндөгүдөй кылуу сунушталууда:
Эскерте кетсек, Көк-Арт тоннели Кыргызстандагы эң чоң жана узун тоннель болуп саналат.