akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-01-10, 15:45

    Көк-Арт ашуусундагы туннелдин курулушу декабрда аяктайт

    Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу өтө турган туннелдин курулушу 1-декабрда аяктайт. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. 

    Маалыматка ылайык, объекттин узундугу 3 миң 890 метр, туурасы 10,5 жана айрым участоктордун кеңдиги 14 метр, ал эми бийиктиги 8,5 метрди түзөт.

    Бүгүнкү күндө туннелдеги жолго асфальт-бетон төшөө иштери жыйынтыкталууда. Жарык берүүчү жана желдетүүчү турбиналарды коюу аяктап, электр кабелдерин орнотуунун акыркы этабы жүргүзүлүп жатат. 

    Жакын арада жол чийиндери түшүрүлөт. 


    Тектеш материалды окуу