Жарыяланган
2024-26-11, 10:20Жалал-Абадда үч акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Тышкы көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:
2024-жылдын 23-ноябрынан тартып 29-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Жалал-Абад облусу, Сузак району, Бек-Абад айылы, М. Сыдыков көчөсү, 3 дареги боюнча жайгашкан "Соронбек Валюта" жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2023-жылдын 5-декабрындагы №-6652 лицензиясы;
2024-жылдын 23-ноябрынан тартып 7-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Жалал-Абад облусу, Сузак району, Бек-Абад айылы, М. Сыдыков көчөсү, 3 дареги боюнча жайгашкан "Салахидин Валюта" жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2023-жылдын 16-ноябрындагы № 6633 лицензиясы;
- Жалал-Абад облусу, Сузак району, Бек-Абад айылы, М. Сыдыков көчөсү, 1 (№ 10 имарат) дареги боюнча жайгашкан "ЭКВАЛИТ" жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2024-жылдын 9-февралындагы № 6709 лицензиясы.