Жарыяланган
2025-24-02, 12:40Жалал-Абаддагы административдик имарат августта курулуп бүтөт. Облустагы президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда объекттин чатырын жабууга даярдыктар көрүлүп, ичи-сырты монтаждалууда.
Жаңы мекеме жети гектар жерди ээлеп, чакан жана чоң жыйындар залы, экспо-борборлору камтылат. Имараттын алдына борбордук аянт жана эс алуу аллеялары курулат.
Эске салсак, облустук администрация, мэриянын имараты жана борбордук аянтты жаңыртууга 900 млн сом жумшалары буга чейин кабарланган.