Жарыяланган
2024-25-11, 13:02Жалал-Абадда өлкөдөгү эң ири муниципалдык базардын курулушу башталды. Курулушка капсула салынганын жергиликтүү мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, базардын аянты 22,5 гектарды ээлейт. Анда үй-тиричилигине керектүү буюмдар, азык-түлүк, кийим-кече өңдүү бардык нерсе сатылат.
Ошондой эле жанында унаа оңдоочу жай жана автобекет да болот.