Жарыяланган
2025-08-04, 09:39Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү борбордук базар 20-апрелден баштап жаңы салынган муниципалдык базарга көчүрүлө баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мэр Жеңишбек Токторбаев жаңы салынган базарды кыдырып, 20-апрелден тарта эски базарда отурган соодаргерлерди жаңысына көчүрүү тапшырмасын койгон. Ошондой эле базардын тегерегинде бүтпөй калган жумуштарды аягына чыгарууну, унаа токтоочу жайларды асфальттап бүтүрүүнү тапшырган.
Мэрдин айтымында, эски базарда учурда 10-15 миңдей адам соода кылып иштейт. Ал эми жаңы базар 2,5 миң орунга эсептелип салынган. Соодагерлер жаңы базарга көчкөндө аларга орун жетпей кала турганын айткандыктан, аларга 15 гектар жерге соода түйүндөрү салынууда. Мэр алардын курулушу 1-июлга чейин бүткөрүлө турганын билдирди.
Ошондой эле жаңы базардын жанынан соода түйүндөрдү салуу үчүн жеке ишкерлер да жер берилген. Мэрдин айтымында, аны ишкерлер өз соодагерлерине куруп жатат.
Жаңы салынган муниципалдык базар Б. Осмонов көчөсүндө жайгашкан. Буга чейин мэрия соодагерлерди 20-январда, кийин 20-февралда көчүрө турган болгон.