Жарыяланган
2024-27-12, 11:02Бишкектеги Аламүдүн базарынын айланасында унаа кыймылынын жүрүүсүнө өзгөртүүлөр кирди.
Мэриядан билдиришкендей, Жибек-Жолу проспектисинде жана Курманжан Датка көчөсүндө бардык зарыл жол белгилери орнотулуп, чийиндер чийилип, унаа токтотуучу жайлар демонтаждалып, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Муса Жалил көчөсү менен чыгыш тарапка андан ары Буденный көчөсү менен бир тараптуу кыймыл уюштурулат.
Жаңычылдык 2025-жылдын 1-январынан тарта пилоттук негизде иштейт. Демилге транспорт тыгындарын азайтуу максатын көздөйт.