Жарыяланган
2025-09-04, 16:24Чет элдик унааларды мыйзамдаштыруу акысы айрым унаалар үчүн азайтылат. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев армениялык жана абхазиялык номерлер тагылган унаалардын ээлери менен болгон жолугушууда билдирди.
Ташиев билдиргендей, кыймылдаткычынын көлөмү 2 кубга чейин болгон унааларды мыйзамдаштыруунун акысы 100 миң сомдон 50 миң сомго чейин түшүрүлдү. Унаа токтотуучу жайдын акысы күнүнө 100 сом эмес, 50 сом деп каралды. Лабораториялык текшерүүнүн баасы 2,8 миңден 1 миң сомго чейин түшүрүлдү. Ошондой эле Чек ара кызматынан маалымкат алуунун кереги жок болот .
УКМК мыйзамдаштырылган унааларды сатууга болбой турганын эскертет. Мыйзамдаштыруу иштери толук бүтмөйүнчө унааны айдоого тыюу салынат, аны мыйзамдаштыруу процесси учурунда гана пайдаланууга болот.
Аталган унаалардын ээлери мыйзамдаштыруу процессине байланыштуу 14-апрелден баштап УКМКнын жергиликтүү бөлүмдөрүнө кайрыла алат.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда чет элдик, анын ичинде Армения жана Абхазиянын номерлери тагылган унааларды мыйзамдаштыруу өнөктүгү сентябрдын ортосунда аяктайт.
Мыйзамдаштыруу үч багыт боюнча жүрөт. Биринчиси боюнча тиешелүү документтери барлар, экинчи боюнча документтери жок, бирок техникалык абалы жакшы унаалар мыйзамдаштырылат. Үчүнчүлөргө документтери жок жана техникалык абалы начар унаалар кирет. Алардын ээлерине темир тулпарды тетикке бөлүүгө, өлкөдөн чыгарып кетүүгө уруксат берилет.