akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-03-03, 18:43

    Камчыбек Ташиев өлкө мектептеринде 12 жылдык билим берүүгө каршы пикирин билдирди

    УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү туура эмес деген оюн билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.

    Анда өлкөдө орто мектептерде билим берүүнүн сапаты өтө эле начарлап кеткени, бул маселени чечмейинче башка системага өтүүнүн кереги жок экени белгиленген.

    Эске салсак, Кыргызстанда 12 жылдык окуу быйыл ишке ашып, 2025-2026-окуу жылында 5,5-6 жашка толгон балдар 12 жылдык мектептин 1-классында окуй баштамак.


    Тектеш материалды окуу