akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-19-03, 14:20

    Парламент кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялады

    Жогорку Кеңеш бүгүн , 19-мартта кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялады. Мыйзам долбоорун депутаттар үч окууда бир карады. Добуш берүүгө катышкан 85 эл өкүлүнүн ичинен бирөө каршы болуп, калганы макул деп добуш берди.

    Мунун алдында ушул эле күнү Жогорку Кеңештеги комитеттердин биргелешкен жыйыны өтүп, анда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасап, суроо-жооп болгон. Мындан улам төрага Нурланбек Тургунбек уулу жалпы жыйында баяндамасыз жана талкуусуз эле дароо добуш берүүгө өтүүнү сунуштап, демилге колдоо тапты.

    Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталып бүттү.


    Тектеш материалды окуу