akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-04-03, 15:10

    Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлери үчүн үй курула баштайт

    Бишкекте Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлери үчүн үй курула баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысынын орун басары Тилек Жээмбаев билдирди.

    Анын айтымында, учурда долбоордук-сметалык документтер даярдалууда. Үй 90 батирге ылайыкталган.

    Каражат мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан бөлүнөт. Бул үйлөр Жогорку Кеңештин аппаратынын жеке турак жайы жок кызматкерлерине берилет.


    Тектеш материалды окуу