akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-26-02, 12:45

    Жогорку Кеңеш Мирбек Мамбеталиевди министр кылып дайындоого макулдук берди

    Жогорку Кеңеш маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин кызмат ордуна Мирбек Мамбеталиевди дайындоого макулдук берди.

    Президенттин жана министрлер кабинетинин пралменттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов президенттин сунуштамасы боюнча маалымат берди.

    Талкуунун жүрүшүндө депутаттар бир катар суроолорун узатып, сунуштарын айтышты.

    Жыйынтыгында депутаттар Мирбек Мамбеталиевди маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри кызматына дайындоого макулдук беришти.


    Тектеш материалды окуу