akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-09-04, 10:50

    Депутат Сулайманов кызматтык унаадан баш тарта турганын билдирди

    Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов кызматтык унаадан баш тарта турганын жарыялады. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-апрелде парламенттин жыйынында билдирди. 

    Ал депутаттарга кызматтык унаа алуу маселеси коомчулукта кызуу талкууланып жатканын айтты. 

    "Мен кызматтык унаа албай турганымды расмий түрдө айтып коеюн. Мен шайланып келген округда мэрдин, айыл өкмөттөрдүн кызматтык унаасы жок болуп жатат. Мени популист болуп жатат, упай топтоодо деп ойлобоңуздар", - деди ал.

    Сулайманов ага алына турган кызматтык унааны анын округундагы айыл өкмөттөргө берүүнү сунуштады.

    Ал башка кесиптештерин кызматтык унаадан баш тартууга чакырды. 

    Эскерте кетсек, депутаттар 2015-жылы кызматтык унаадан баш тарткан. 2022-жылы  парламенттин чечими менен айым депутаттарга Toyota Camry унаалары бериле турган болгон. Ошондой эле төрага жана анын орун басарларына кызматтык унаа каралган. 

    Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев 2024-жылы депутаттарга кайрадан кызматтык унаа берүүнү сунуштап, мыйзам долбоорун даярдаган.

    Парламенттин маалымат кызматы азыркы тапта 20 депутат айымда кызматтык унаа бар экенин, 70 депутатка гана унаа алына турганын билдирген. Кайсы үлгүдөгү унаа алынара азырынча белгисиз экени айтылган. 


    Тектеш материалды окуу