akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-05-09, 11:19

    Бекешев Бишкекке 1 млрд сомго автобустарды сатып алууну сунуштады

    Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев келерки жылы республикалык бюджеттин эсебинен Бишкекке 1 млрд сомго автобустарды сатып алууну сунуштады. Бул тууралуу парламент жыйынында билдирди.

    Депутат Бишкек мэриясынын Ош шаарына 100 троллейбусту бергени туура эмес болгонун айтып өттү.

    “Бирок шаардан кичи автобустарды алып салганыбыз туура болду. Ошентсе да Бишкекте коомдук унаалар жетпей жатат. 2025-жылы коомдук унааларды сатып алууга бюджетке 1 млрд сом караштырып коелу. Жаңы конуштардан чалып, автобус тигил же бул жакка каттабай жатканын айтып жатышат”, — деди депутат.

    Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекке 100 млн долларга 1 миң автобус сатып алынган. Жаңы алынган автобустардын 50сү Жалал-Абад шаарына берилген.
     


    Тектеш материалды окуу