akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-03-09, 10:24

    Бишкекте коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган белгилер орнотулду

    Акциянын алкагында ар кандай мамлекеттик мекемелерде, билим берүү мекемелеринде, подъезддерде, лифттерде, тепкичтерге, коомдук транспорттун аялдамаларына, имараттардын кире бериштерине жана эл көп чогулган жерлерге 1 миң даана белги орнотулду.  

    Белгилерди орнотуудан тышкары, тамеки тартуунун ден соолукка зыяны жана коомдук жайларда тамеки чегүүнү чектөө эрежелерин сактоонун маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мэрия бул акцияны борбор калаада сергек жашоо шартын түзүүдөгү маанилүү кадам деп эсептейт.


    Тектеш материалды окуу