Жарыяланган
2025-01-03, 08:55Бишкекте таштандыларды чыгаруу көйгөйүн чечүүгө гана жардам бербестен, экологиялык жактан таза электр энергиясынын булагына айлана турган биринчи экотехнологиялык заводду ишке кирет.
Бишкек шаардык санитардык полигондун аймагында жайгашкан объектинин курулушу график боюнча жүрүп, ишкана 2025-жылдын декабрь айында ишке кириши күтүлүүдө.
Бүгүнкү күндө негизги курулуш иштери акыркы этабына жакындап калды. Алсак, административдик имараттын жана негизги заводдун пайдубалы куюлуп, 4-кабатка чейин бетон конструкциялары тургузулуп, таштандыларды жана техникаларды ташууга ыңгайлуу болушу үчүн 1 миң метрден ашык кирүүчү жол төшөлгөн.
Мындан тышкары 35 миң куб шагыл төшөө иштери аяктап, аянт кийинки иштерге даярдалды. Объекттин курулушуна катышкан жумушчулар үчүн убактылуу жатакана курулган.
Учурда жеринде 230 адис иштеп, бардык иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, комплекс 12 гектар жерди ээлейт жана алты негизги зонаны камтыйт:
Ошондой эле административдик имаратты, кеңсе аянтын, морду жана тараза станциясын куруу пландалууда.
Маалыматка ылайык, биринчи этапта ГЭС күнүнө 1 миң тонна таштандыны кайра иштетип, суткасына 460 МВт (жылына 180 миң МВт) электр энергиясын өндүрө алат. Келечекте анын кубаттуулугу жогорулап, суткасына 3 миң тоннага чейин таштандыны кайра иштетүүгө мүмкүндүк берет.