akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-26-02, 17:52

    Ташиев: кыргыз-тажик чек арасы боюнча бардык иштер бир ай ичинде аяктайт

    Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча келишим эртең Жогорку Кеңештин тармактык комитетине киргизилет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

    Маалыматка ылайык, андан соң документке президенттер кол коёт. Кийин Жогорку Кеңеш ратификациядан өткөрөт. 

    "Ратификацияланган мыйзамдар президенттер кол койгондон кийин ишке кирет. Бул жумуштардын баары бир айдын тегерегинде бүтөт", - деди Ташиев.


    Тектеш материалды окуу