akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-08-04, 15:43

    Президент кумарканаларга уруксат берилгенден бери 3 млрд сомдон ашык инвестиция келгенин айтты

    Кыргызстанда кумаркана ачууга уруксат берилгенден бери өлкөгө 3 млрд сомдон ашык инвестиция келди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде билдирди

    Жапаровдун айтымында, 2022-жылы кумарканага уруксат берилери менен өлкөгө инвесторлор агылып келди.

    "Ким беш жылдыздуу мейманкана салса лицензия беребиз деген шарт койгонбуз да. Азыр ушул тапта 10го жакын беш жылдыздуу, 1 жети жылдыздуу мейманкана салынып жатат. Бул 3 миллиарддан ашуун (сом – ред.) инвестиция кирди деген сөз.

    Булар бүтүп ишке берилсе он эсе пайда алып келет. Туристтер келет. Алардан да акча каражаттары калат. Кудай буюрса мейманканалардын алды эмдиги жылы ишке бериле баштайт. 7 жылдыздуу мейманкана биздин чөлкөмдө биринчи жолу салынып жатат болуш керек?", - дейт ал.

    Ал билдиргендей, "Достук", "Ак-кеме" мейманканалары инвесторлор тарабынан беш жылдыздуу болуп оңдолуп жатат. "Саякат" мейманканасынын ордуна жаңысын куруу иштери башталды.

    "Ош, Жалал-Абад, Баткенге да беш жылдыздуу мейманкаларды куруу үчүн жер сурап жүрүшөт.

    Кыскасын айтканда казиного лицензия берүү менен мамлекет уттурган жок. Утушта гана болду. Мен бир идея же сунуш айтсам жөндөн-жөн айтпайм. Мамлекет үчүн пайдалуу келечегин көрүп туруп жасайм", - дейт президент. 

    Сөзүн улай Жапаров Бишкекте 3 кумаркана иштеп жатканын, аларга кыргыз жарандарын киргизүүгө тыюу салынганын билдирди.  

    "Ушул күнгө чейин бир дагы кыргыз жараны кирген жок. Кирбейт дагы. Казинону кайтарган милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турушат. Видео жазуу дагы бар. Эгер кыргыз жараны кирген казино аныкталып калса, анда ал казино автоматтык түрдө жабылат.

    Ошондуктан бир кыргыздын 5-6 миң доллары үчүн казино ээси бир миллион долларлык лицензиясынан айрылгысы келбесе керек?", - деди ал.

    Ошондой эле ал жашыруун кумаркана ачып иштегендерди күч органдары кармап, мүлктөрүн конфискациялап жаткан учурлар бар экенин айтты. 

    "Жашыруун казино иштеткендер илгертен бери эле болуп келген. Азыр дээрлик жокко эсе болуп калды. Көзөмөл катуу", - деди ал.

    Жапаров өлкө жарандарын кумарканаларга барбоого чакырды.  

    Кыргызстанда 2012-жылы кумарканаларга тыюу салынып, 2022-жылы кайра уруксат берилген.