Жарыяланган
2020-22-07, 08:00Экинчи сентябрда түштүк кореялык Samsung Electronics ишканасы жаңы продукцияларын онлайн режимде көргөзөт. Бул тууралуу ишкананын пресс-релизине таянып, ТАСС басылмасы жазып чыкты.
Life Unstoppable аталышындагы иш-чарада ишкана өзүнүн уюлдук телефондор, компьютерлер, сыналгылар, аудио жана тиричилик техникалары тармагындагы акыркы иштеп чыккан долбоорлорун көрсөтүүнү убадалады.
[news 26319]
«Меймандар виртуалдык саякат аркылуу көңүл ачуу, чыгармачылык жана натыйжалуулук максаттарына кызмат кылган Samsung продукцияларын көрө алышат»,-деп айтылат маалыматта.
45 мүнөттүк презентациянын жүрүшүндө кандай продукциялар көрсөтүлө тургандыгын такталган жок.
Бешинчи августта Samsung Electronics ишканасынын Galaxy Unpacked аталышындагы дагы бир онлайн-иш-чарасы болот, анда корпорация беш мобилдик продукциясын көрсөтөт. Yonhap агенттигинин маалыматтарына караганда, алардын катарына Note 20 фаблети, Fold 2 жана Flip 5 бүктөлө турган смартфондору, Buds Live зымсыз кулаккаптары жана Watch 3 смарт-сааттары кирет.