akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-24-04, 12:39

    2025–2026-жылдары ИДПнын өсүшү 8.5%дан кем болбойт деп күтүлүүдө

    Кыргызстанда 2025–2026-жылдары ИДПнын өсүшү 8.5%дан кем болбойт деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында экономика жана коммерция минстри Бакыт Сыдыков билдирди.

    Анын айтымында, өнөр жай тармагында өсүш орточо 7%ды, алтынды эске албаганда 10% болот. 

    Ошондой эле тамак-аш азыктарын кайра иштетүү тармагында – орточо 15%, текстиль жана тигүү өндүрүшүндө – 11%, энергетика тармагында – орточо 5%, курулушта – 17%дан кем эмес, айыл чарбада – 4-4.2%, кызмат көрсөтүү тармагында 8.4% өсүү болот деп божомолдонууда. 


    Тектеш материалды окуу