akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2022-10-08, 04:00

    Жалал-Абадда 600 үй-бүлө жеке бизнес үчүн мамлекеттен каражат алышат

    Жалал-Абад облусуна “Социалдык келишим” долбооруна республикалык бюджеттен 60 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин сайтында маалымдалды.

    Бул каражат 600 бизнес-долбоорду ишке ашырууга жумшала турганы такталды.

    "Бул долбоордун алкагында "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпул алуучулар өз ишин баштоо үчүн 100 миң сом өлчөмүндөгү гранттык сынакка катышып, жакырчылыктан чыгууга мүмкүнчүлүк алышат", - деп айтылат маалыматта.