Жарыяланган
2020-09-01, 07:15Казакстанда 20135 - жылы атом электр станциясы курулушу мүмкүн. Бул тууралуу Inbusiness.kz порталы билдирди.
«Казакстанда атом электр станциясын куруу чечими кабыл алына элек. Бирок, Казакстан бийлиги бул маселени терең ойлонуп, карап жатат. 2019-жылдын апрель айында АЭС Үлкен айылында курулушу мүмкүн деген маалымат тараган», – деп жазылат World Nuclear Association алдын - ала билдирген божомолунда.
Маалыматта, бул атом электр станциясынын күчү 2035 - жылы 1000 МВт, 2037 - жылы 1560 МВт чейин жетиши мүмкүн.