Жарыяланган
2022-26-09, 05:39Умбриэль Темиралиев президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Белгилеп кетсек, аталган агенттиктин буга чейинки жетекчиси Равшанбек Сабиров өз каалоосу боюнча кызматтан бошотулган.