Жарыяланган
2025-21-02, 15:07Айыл чарба министрлиги картошканы экспорттоого тыюу салуу боюнча пикирин өзгөрттү. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин чечимдерин ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Нурлан Жумаев брифингде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда жылына 1 миллион 200 миң тонна картошка жыйналат. Ички керектөөнүн көлөмү 700 миң тоннаны түзүп, 150 миң тонна картошка кийинки себүүгө үрөн катары калтырылса, 100 миң тоннага жакыны малга тоют катары пайдаланылып, калганы экспортко чыгарылат.
“Биз экспортко тыюу салгыбыз келди, бирок дыйкандарыбызга мурунку жылдардагы чыгымдарын жаап, кошумча киреше табууга мүмкүнчүлүк берүүнү чечтик, анткени бир нече жылдан бери картошканын баасы төмөн болууда”, - дейт Нурлан Жумаев.
Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Бишкек жана Ош шаарларынын базарларында картошка 50-70 сомдон сатылып, коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу арзан.