akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-11-10, 13:28

    АКШдагы "Милтон" бороонунан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок

    АКШдагы "Милтон" бороонунан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

    Маалыматка караганда, бороон катталган Флорида штатында 100гө жакын кыргыз жараны жашайт. Элчилик кырдаалдын өзгөрүшүнө ыкчам чара көрүү үчүн жарандар жана жергиликтүү бийлик органдары менен байланышты улантууда. 

    Үчүнчү категориядагы бороон кеминде 16 адамдын өмүрүн алып, АКШдагы 3 млн тургунду электр жарыгысыз калтырганы кабарланды. Бороон айрыкча штаттын чыгыш бөлүгүнө олуттуу зыян келтирген. 


    Тектеш материалды окуу