Жарыяланган
2024-27-05, 04:20Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Камыш айылында жүргөн селден жабыркаган 56 турак үйдүн короо-жайы тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Эске салсак, 25-майда жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Камыш, Сары-Челек, Үч-Коргон айыл аймактарында сел жүрүп, 56 турак жайды каптап, 3 сарайды жараксыз абалга келтирген.
"Учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Жарандык коргонуудан 100 адам жана ӨКМден 24 куткаруучу тартылган. Ошондой эле, Кара-Суу дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, Сары-Челек айыл аймагында үч көпүрө жараксыз абалга келген.