akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-04-07, 09:40

    Коммерциялык банктардын чет элдик валютадагы активдери дээрлик 25%га өстү

    Кыргызстандагы коммерциялык банктардын 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча алардын чет элдик валютадагы активдери 232,2 миллиард сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук банктан маалым болду.

    Бул банктардын жалпы активдеринин 37,7%ын түзөт. Жыл ичинде алар 185,9 млрд сомдон 24,9%га өскөн.

    Ата мекендик банктардын чет өлкө валютасындагы милдеттенмелери 220,3 млрд сомго бааланганын же республиканын банк тутумунун жалпы милдеттенмелеринин 43,4%ын түзгөнүн кошумчалайбыз.