akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-19-08, 03:00

    Улуттук банктын алтын түрүндөгү активдери 167,1 млрд сомго чейин өстү

    31-июлга карата Улуттук банктын активдери 167 млрд 148,2 млн сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук банктын финансылык баяндамасында айтылат. 

    Алар 94 млрд 422,8 млн сомго бааланган бир жыл мурункуга салыштырмалуу 1,77 эсеге өскөн.

    Кошумчалай кетсек, Улуттук банктын монетардык эмес алтын жана алтын резервдериндеги активдери июль айынын акырына карата 128 млрд 78,2 млн сомго бааланган. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу алар, тескерисинче, 31,1 млрд сомго азайган.