akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-30-05, 11:05

    «РСК Банктын» акционери банктын аталышын өзгөртүүнү бекитти

    “РСК Банк” ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунда банкты “Элдик Банк” аталышына өзгөртүү сунушу жактырылды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди. 

    Мындан тышкары, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин акционери “Элдик Банк” ААКтын жаңы уставын бекитти жана банкты КРнын юстиция органдарында кайра каттоодон өткөрүү чечимин кабыл алды.

    “Элдик Банк” ААК жеке жана корпоративдик кардарлардын керектөөлөрүнө басым жасоо менен банктык кызматтарды көрсөтүүнү улантат.