Жарыяланган
2024-27-11, 09:40Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда мектептин курулушу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Падек айылында жайгашкан Т.Жоробаев атындагы орто мектептин 59 млн 320 миң сомго сапатсыз курулган имаратын мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик тиешелүү көзөмөл жүргүзбөй кабыл алганы аныкталган.
Тагыраагы мектептин пайдубалынын ичи кум-шагыл эмес, топурак менен толтурулган, мындан улам мектептин ашканасынын, ажатканасынын жана кээ бир класстык бөлмөлөрдүн полдору 20-40 см чейин чөгүп кеткен.
Учурда тергөө жүрүүдө.