Жарыяланган
2024-28-10, 14:25Алайдын Гүлчө айылы таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Тоолуу аймакты таза суу менен камсыздоо максатындагы иштер ушул жылдын 20-майында башталган.
Таза суу түтүктөрү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен тартылган. Анын натыйжасында Гүлчө айылынынын көчөлөрү толук таза суу менен камсыздалды.