akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2020-02-11, 10:20

    Apple компаниясы 100 млрд $ арзандады

    Apple компаниясынын кирешеси 64.7 млрд долларды түздү. Буга чейин аналитиктер бул көлөмдү 700 млн долларга жетет деп божомолдошкон. Компания IV кварталдагы кирешеси тууралуу маалыматты өзүнүн сайтына жайгаштырган. 

    [news 29613]

    Компаниянын кирешесинин жогорулаганына карабастан, акция 5% төмөндөгөн. Демек, компания 100 млрд $ арзандады. Эксперттер муну жаңы үлгүдөгү телефондордун сатылышы кеч башталганы менен түшүндүргөн. Смартфондордун сатылышы бир жыл ичинде 20.7% төмөндөп, 26.4 млрд долларды түзгөн. 

     

    Андан сырткары, Кытайдагы Айфон телефондорунун сатылышы дагы төмөндөгөн.  Аналитиктердин айтымында, компания жергиликтүү өндүрүшчүлөрдөн утулууда. Анткени 5G интернети менен смартфондор Кытайда 2019-жылдан бери чыгып келет.