akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-05-02, 12:44

    «Асман Банк» Улуттук банктын лицензиясын күтпөстөн эле кызматкерлерди ишке ала баштады

    Кыргызстандын Улуттук банкынан лицензия ала элек жатып чет элдик “Асман Банк” кызматкерлерди жумушка кабыл алууда.

    “Акчабар” редакциясы Hh.ru сайтынан банктагы үч вакансия тууралуу жарнакты табышты:

    • ички аудит кызматынын жетекчиси (150-200 миң сом);
    • аралыктан банктык тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси (70-100 миң сом);
    • программист (90-150 миң сом).

    Буга чейин “Асман банк” лицензия алуу үчүн Улуттук банкка документтерди тапшырганы белгилүү болгон. Өтүнүчтү УБ алты айдын ичинде карап чыгышы керек.


    Тектеш материалды окуу