akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: kg.kabar.kg

    Жарыяланган

    2020-28-07, 09:35

    Ат-Башыда кыш чыгарган ишкана ачылды

    Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында кыш чыгарган ири ишкананынын ачылышы болуп өттү.

    Ишкананын ачылышына өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов катышкан.

    Жаңы ачылган ишкана күнүнө 20-25 миң даана бышкан кыш чыгара алат. Ишкананын ачылышы менен 50 киши жумуш оруну менен камсыз болгон. Алардын айлык маянасы 25-50 миң сомду түзөт. Ишкана чыгарган бир чийки кыштын баасы 3.8 сом жана бышкан кыштын баасы 6.5 сомду түзөт.

    Ат-Башы районунун Нурбек Сатаровдун айтымында, жакында райондо касапкана ачылат жана жер-жемиштерди сактоочу ишканаларды ачуу иштери жүрүүдө.