akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2023-30-05, 10:52

    Улуттук банктын 182 күндүк ноталары боюнча аукциону жараксыз деп табылды

    Бүгүн, 30-майда Кыргызстандын Улуттук банкы жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28, 91 жана 182 күн болгон ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрдү. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин сайтында маалымдалды.

    Аукциондордун жыйынтыгында Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 11,51%, 11,81%, 12,23% жана 14,02%ды түздү.

    Ал эми 182 күндүк ноталар боюнча аукцион катышуучулардын саны жетишсиз болгондуктан жараксыз деп табылды.