akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-13-12, 18:53

    «Бакай Банк» AmCham версиясы боюнча жыл ичинде чоң өзгөрүү жасаган банк деп табылды

    Американын Кыргызстандагы соода палатасы (AmCham) тарабынан жыл сайын уюштурулган сыйлоо аземинде Бакай Банк бир учурда эки номинацияга татыктуу деп табылган жалгыз компания болду. Ага "Жыл ичинде чоң өзгөрүү жасаган банк" жана "Инновация жана технологиядагы жетишкендиктер" номинациялары берилди. 

    Бул сыйлыктар Бакай Банктын санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө, кардарлары үчүн  банк кызматтарын жакшыртууга кошкон салымынан кабар берет. 

    Өткөн жылы "Бакай Банк" "25 жыл - 25 жакшылык иш" долбоорунун алкагында ишке ашырган социалдык долбоорлору үчүн "Коомчулуктун керегине жараган иш" номинациясы менен сыйланган. Аталган программа экология, спорт жана билим берүүнү колдоого багытталган кайрымдуулук акциялары менен демилгелерин камтыган. 

    AmCham Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө бараандуу салым кошкон компанияларды жыл сайын аныктайт. Ошондуктан, "Бакай Банктын" дароо эки номинацияга ээ болушу анын инновация жана туруктуу өнүгүүдөгү стратегиялык чоң ролун билдирет. 

    Ошентип банк өлкөдөгү эң алдыңкы каржы институттарынын бири катары өзүнүн позициясын бекемдөөнү улантат. Буга чейин Visa компаниясы дагы Бакай Банкты 2024-жылда үч багытта лидер деп тапкан. Ал номинациялар Visa артыкчылыктуу карталарын чыгаруу боюнча лидер болгону үчүн, ички процессинг борборун ишке киргизгендиги жана өлкөлөр аралык келишимдерди түзүүдөгү мыкты көрсөткүчү үчүн берилди.


    Тектеш материалды окуу