akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    arrow right
    arrow right

    Жарыяланган

    2024-09-10, 17:55

    «Бакай Банк» борбор калаадагы экологиялык абалды жакшыртууга салымын кошууну улантып келет

    «Бакай Банк» «Тазалык» муниципалдык мекемесин шаардын экологиялык маселелерин чечүү жаатында колдоону улантып келет. Бүгүн «Тазалыкка» банк тарабынан жети электросамосвал берилди. Бул экологиялык таза транспорт каражаттары таштанды чыгаруу жумуштарын натыйжалуу кылып, шаардын инфраструктурасына келген күчтү жеңилдетет.

    «Тазалык» мекемесинин директору Жолдош Чүштүковдун айтымында, быйыл «Бакай Банк» менен кызматташуунун биринчи гана жылы эмес, банк ишканага байма—бай колдоо көрсөтүп келет.

    «Бакай Банкы» бизге электромобилдерди берип эле чектелбестен, бизди ар дайым колдоп келет. Буга чейин банк биздин материалдык—техникалык базабызды жаңылап берген, биз буга адбан ыраазыбыз. Бүгүнкү берилген машиналар биздин кызматкерлердин таштанды чыгаруудагы жумуштарын кыйла жеңилдетмекчи. Мурда мындай иштер үчүн көлөмдүү унаалар колдонулчу, эми иш процесси жеңил жана экологиялык таза дагы болуп калмакчы»,— деп белгиледи Чүштүков.

    «Бакай Банк» башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нурдин Алыбаев өз кезегинде шаардын экологиялык көйгөйлөрү менен күрөшүүгө коюлган мындай кадамдардын маанилүү экендигин белгиледи.

    «Биз экологиялык маселелерди чечүүгө өз салымыбызды кошуп жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Биздин мындай кадамдар башка компанияларды да ушул сыяктуу иштерди жасоолоруна шыктандырат деп ишенебиз. Биздин «Тазалык» менен болгон кызматташуубуз улана бермекчи жана шаардагы шарттарды жакшыртуу үчүн зарыл болгон колдоону көрсөтө берүүгө дайым даярбыз»,— деди ал.
     


    Тектеш материалды окуу