akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-01-08, 08:34

    Балык кармоочу ышкыбоздор үчүн атайын баалар бекитилди

    Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Балык өнөр жай комплекси департаменти юридикалык жана жеке жактарга көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын тарифтеринин прейскурантын бекитти. Бул тууралуу тиешелүү министрликтен билдиришти. 

    Эми дарыяларда, көлмөлөрдө жана алардын тилкелеринде ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону жүргүзүү үчүн маалымат берүүгө 163 сом алынат. 

    Аквакультураны (көлмө, бассейндик, садок, жайыт, рекреациялык) уюштуруу жана жүргүзүү үчүн документтердин пакетин даярдоо -8 миң 782 сомду, ал эми көлмө, бассейндик, садок, жайыт, рекреациялык аквакультураны уюштуруу жана жүргүзүү үчүн көлмөнүн паспортун, балык чарбасынын паспортун берүү - 8 миң 620 сомду түзөт.