Жарыяланган
2024-17-10, 14:58Балыкчы – Кочкор унаа жолу убактылуу жабылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган трасса бүгүнтөн тарта бир ай бою маал-маалы менен жабык болот. Мунун себеби курулуп жаткан темир жолдун 37-чакырымынан 43-чакырымына чейинки бөлүгүндөгү бургулоо жана жардыруу иштерине байланыштуу.
Ага ылайык, Балыкчы – Кочкор унаа жолунда дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү эртең мененки саат 8ден кечки 5ке чейин кыймыл чектелет.