Жарыяланган
2024-29-01, 05:03Кыргызстан банк секторунун тышкы карызын 36,2% көбөйттү. Муну Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) маалыматы тастыктайт.
Алсак, 2023-жылдын 1-октябрына карата өлкөнүн банк секторунун тышкы карызынын көлөмү 716,5 миллион долларды түздү, ал эми 2022-жылдын ушул эле мезгилинде 526,2 млн долларды түзгөн. Өлкөнүн тышкы карызынын түзүмүндө банк сектору 7%ды түзөт.
Бул көрсөткүчтү жогорулаткан жалгыз Кыргызстан эмес. Тышкы карыздын олуттуу өсүшү Казакстанда – 32,8%га, 10,6 млрд долларга чейин, Арменияда – 4,04%га, 4,25 млрд долларга чейин байкалган.
Буга карабастан, ЕАЭБ банк секторунун жалпы тышкы карызы 8,44%га, же 10,2 млрд долларга азайган.